Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/5
“Жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагында жер конушка кезекке турган атуулдардарга Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык, Жалпактын бели, Восточныйдан жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык, Жалпактын бели, Восточный участкаларын тиешелүү мамлекеттик органдар менен тактап, мыйзам ченемдүү жер конушка трансформациялоого даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |