Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/6
“Тех. сервистин жерин тактоо жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин тактоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин мыйзам ченемдүү тактап, тех. сервиске ажыратып берүү жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |