АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/7
“Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги ХVII сессиясынын №3/7 токтому менен бекитилди.
№1 тиркеме.
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планы.
I. Сессияда каралуучу маселелер.
2020-жылдын 1-кварталы.
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиев.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун 2019-жылда бюджетинин аткарылышынын отчёту жана 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү. (маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары дарядашат) Жооптуу: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
- Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда жүргүзгөн иши жөнүндө ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун отчёту 2020-жылга бюджетин бекитүү. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
2020-жылдын 2-кварталы.
- Айыл аймагындагы санитардык абал, айылдарды көрктөндүрүү, коомдук жайлардын тазалыгын сактоо боюнча жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө. Маселени “Агрардык” жана “Социалдык” маселелелер боюнча туруктуу комитеттери даярдайт.Жооптуулар: М.Чокоев, Н.Акматов.
- Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана малдарды дарылоо, профилактика жүргүзүү иштерин уюштуруу боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
- Ак-Суу токой чарбасынын жаратылышты коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө токой чарба директору П.Жабайкуловдун маалыматын угуу. Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
2020-жылдын 3-кварталы.
- Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалануунун абалы жөнүндө. Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 6 айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
- Ак-Суу ЖКнин 2020-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчёту. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
2020-жылдын 4-кварталы.
- Айылдык кеңештин депутаттарынын отчёту (туруктуу комитеттер).
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
- Ак-Суу ЖКнин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
II. Уюштуруу маселелери.
- Депутаттардын өз шайлоочулары менен жолугушууларды уюштуруу. 2020-жылдын январь жана декабрь айларында. Жооптуулар: жооптуу катчы С.Мамытов, айыл башчылар.
- Депутаттардын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана коомдук угуу чогулуштарына катышууларын камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн түзгөн графигине ылайык. Жооптуулар: Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкулов жана айыл башчылар.
- Даталуу жана майрамдык күндөргө карата өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чараларга айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу.Иш чаралардын өткөрүлүүсүнө жараша. Жооптуу: К.Төрөкулов.
- Туруктуу комитеттердин талаптагыдай иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу.Иш планга ылайык. Жооптуулар:К.Төрөкулов, С.Мамытов.
- Айылдык кеңештин сессияларын иш планга ылайык жана кезексиз сессияларын зарылдыгына жараша өткөрүүнү камсыз кылуу.Жооптуу: К.Төрөкулов.
Төрага: С.Барпиев.