Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели №205/40-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы №108/21-7 сандуу токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы №108/21-7 сандуу токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө сунушун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы №108/21-7 сандуу токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) “Көлбаев Камчыбек Көлбаевич-жеке ишкер, комиссиянын төрагасы” деген сөздөр “Токтогулов Сабыржан Уезбаевич – ТГЭС Каскадынын музейинин жетекчиси, комиссиянын төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) “Токтогулов Сабыржан Уезбаевич – ТГЭС Каскадынын музейинин жетекчиси, комиссиянын мүчөсү” деген сөздөр “Көлбаев Камчыбек Көлбаевич-жеке ишкер, комиссиянын мүчөсү деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) “Маматаева Бактыгуль Калдыбаевна- аялдар кеңешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү” деген сөздөр “Абытканова Рабшан-шаардык аялдар кеңешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү ” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешине (К.Көлбаев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |