Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели №206/40-7
“ Кара-Көл шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө”
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Т.Муратовдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагында ишкердик иши үчүн арналган имараттары бар юридикалык жактардын ( ТГЭС Каскадынан сырткары) жана жеке ишкерлердин ар бир жумушчусу үчүн төлөнүүчү жыйымдын ставкасы бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ишкердик иши үчүн арналган имараттары бар юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 662 токтому менен бекитилген № 1 тиркемеге ылайык FORM STI-158 формасында өз алдынча эсептерин салык кызматына беришет жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн эсептелген жыйымды учурдагы жылдын 1-майынан кеч эмес мөөнөттө төлөшөт.
3. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.05.2010-жылдагы “Шаардын аймагынан таштандыларды чыгаруу жыйымын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” №70/19-5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына ( Т.Т.Муратов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |