Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели №207/40-7
“ Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылдын 10 -мартындагы № 201/39-7 “ Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарында “Коронавирус” оорусун алдын алуу, болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кара-Көл шаарынын жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун башкы врачы А.А. Ырысбековдун жана шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылдын 10-мартындагы №201/39-7 “Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылдын 10 -мартындагы № 201/39-7 “Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
1) “5. Кыргызстанда “Коронавирус” боюнча абал турукташканга чейин Ош-Бишкек трассасынан Кара-Көл шаарына кирүүчү жолдор жабылсын. М.Сабиров, К.Масиров, Бекташ көчөлөрүнө жана Кетмен-Төбө айылына кирүүчү жолдорго тосмолор (блок пост ) коюлсун. Абал турукташкандан кийин коюлган тосмолорду “Коронавирус “ оорусун алдын алуу, болтурбоо боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын чечими менен алып салууга макулдук берилсин”.
2) Токтомдогу 5- бөлүк 6-бөлүк деп эсептелсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев) , аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |