Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы (V чакырылышы)

2021-жылдын 4-марты № 1

Исфана шаарынын мэринин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету

 

Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевдин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевдин 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

2.    Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты    2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин фракция лидерлерине жана туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:

 

Б.И. Тагаев