Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 4-марты № 6
«Исфана шаарынын жайыт жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаарынын Жаштык участкасынын батыш тарабындагы, Бөзөгүл участкасынын түндүк-чыгыш тарабындагы, Калта-Кол айылынын чыгыш тарабындагы, Чимген айылынын Кызыл-Кыштоо участкасындагы айыл чарбасына жараксыз жайыт жер тилкесин көрүстөн үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарына караштуу Жаштык участкасынын батыш тарабындагы №144-контурдан 3.0 га, Бөзөгүл участкасынын түндүк-чыгыш тарабындагы №105-контурдан 4.0 га, Калта-Кол айылынын чыгыш жагынан 409-контурунан 3,0 га, Чимген айылынын Кызыл-Кыштоо участкасындагы 711-контурунан 3,0 га, жалпы 13.0 га айыл чарбасына жараксыз жайыт жер тилкелерин көрүстөн үчүн которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |