Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы (V чакырылышы)
2020-жылдын 18-декабры № 1
«Аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө»
Исфана шаарынын жана шаарга караштуу аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын жана шаарга караштуу аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жагы Исфана шаарынын жана шаарга караштуу аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларына, Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |