Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы (V чакырылышы)
2020-жылдын 18-декабры № 2
«Исфана шаардык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Исфана шаардык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин. (Иш план тиркелет).
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы З.Туяковго, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн жана иш пландын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын 2020-жылдын
18-декабрындагы №2 токтомуна тиркеме
Исфана шаардык Кеңешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Исфана шаарынын 2020-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы, 2021-жылдын Өнүгүү (СРС) программасын бекитүү жөнүндө | I квартал 2021-жылдын январь айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Исфана шаарынын 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал 2021-жылдын январь айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаарынын мэринин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету
| I квартал 2021-жылдын февраль айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Исфана шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын жургузгон иштери жөнүндө | II квартал 2021-жылдын март айы | Исфана шаардык Кенешинин туруктуу комиссиялары | |
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери жонундо отчету | II квартал 2021-жылдын май айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | II квартал 2021-жылдын май айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету | II квартал 2021-жылдын июль айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | III квартал 2021-жылдын сентябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
«Лейлек–Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету | IV квартал 2021-жылдын октябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету | IV квартал 2021-жылдын октябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө | IV квартал 2021-жылдын октябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө | IV квартал 2021-жылдын декабрь айы | Исфана шаардык Кенешинин аппараты, туруктуу комиссиялар жана депутаттык фракциялар | |
Исфана шаардык Кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө | IV квартал 2021-жылдын декабрь айы | Исфана шаар мэриясы жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары |
Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: З.Н.Туяков