Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/2
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылдын иш планын бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин сунуш кылынган иш кагаздарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылдын иш планын №1 - тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
Бекитемин
Чүй айылдык Кеңешинин төрагасы
__________________З.Ж. Амангелдиев
“______” _______________ ____2020
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин
2020-жылдын 1 жылга жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык иш планы.
№ | Иш-планы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга милдеттүүлөр |
1 | Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга иш планын жана бюджетин жайыттарды башкаруу планын мал башына төлөнүүчү бааны иштеп чыгу. Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. 2019-жылдын отчетун түзүп тийиштүүү инстанцияга отчет берүү. 2019-жылы жайыт акысы төлөбөгөндөр менен иш алып баруу |
Январь 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Дуйшеев О Бекмурзин Ш Укуев Т.
|
2 | 2020-жылдын жайыттарды бөлүштүрүү боюнча жеке ветеринардык врачтар менен чогу жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. Жайыт пайдалануучулардын айылдык жыйындарына өткөзүүго даярдык көрүү. Жайыт акысын төлөбөгөндөр менен иш алып баруу. Жайыт маселеси боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жазоо боюнча даярдык көрүү. |
Февраль 2020 |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Укуев Т.
|
3 | Жайыт пайдалануучулар менен айылдык жыйындарды өткөзүү. Жайыт жерлерин бөлүштүрүү жана жайыт келишимдерин тузүү. Жайыттардын инфоструктурасына мониторинг жүргүзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. |
Март 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Дуйшеев О |
4 | Жайыт пайдалануучулар менен жайыт келишим түзүү. Жайытка чыга турган малдын санын тактоо. Жайытка чыга турган малга эмдөө жүргүзүүнү көзөмөлдөө. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. |
Апрель 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б.
|
5 | Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Жайытка чакан малдын санын тактоо. Ички жана тышкы жайыттардын ботаникалык курамына мониторинг жүргүзүү. Жеке ветеринардык врачтар менен малга эмдоо жүргүзүүнү көзөмөлдөө. |
Май 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Тыналиев К Бекмурзин Ш Дуйшеев О |
6 | Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү жана 6 айдын жыйынтыгын чыгарып комитетке отчет берүү Кызыл –Суу жана Кара – Моко жолдорун оңдоо. Жайыттагы малдын санын тактоо. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу жайыт келишимин түзүү . Жайыт жерлерине мониторинг жүргүзүү |
Июнь 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Тыналиев К.
|
7 | Жайыт акысын жана жер салыгын чогултуу. Ички жайыттардагы жапайы тикен чөптөрдү механикалык жол менен чаап жок кылуу. Ички жана тышкы жайыттардагы жайыт жерлеринин ботаникалык составына мониторинг жүргүзүү. Кара – Моко коштосуна транспорт өтүүчү жолду тазалоо жана оңдоо. |
Июль 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К.
|
8 | Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Арал айылындагы саз болгон жайыттарды дринаштарын механикалык жол менен тазалоо. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана тийиштүү органдарга жайыттардын абалы боюнча отчет берүү. |
Август 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К. |
9 | Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча АРИС проектиси менен келе турган грандтык каражаттардын семинар тренингдерине катышуу. Тышкы жайыттардагы жайыт пайдалануучулар менен жайыттын абалы боюнча жыйын өткөзүү. Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү |
Сентябрь 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Кенжалиев К.
|
10 | Жайыт акысы жана жайыт жер салыгын чогултуу. Ички жайыт пайдалануучулар менен жайыттын абалы боюнча жыйындарды өткөзүү. |
Октябрь 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Кенжалиев К.
|
11 | Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чолултуу. АРИС проектиси менен мал чарбасын өнүктүрүү боюнча алгачкы семинар тренингдерге катышуу жана биринчи жыйындарды өткөзүү |
Ноябрь 2020ж | Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Тыналиев К. |
12 | Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын чогултуу. 2020-жылдын жайыт комитетинин жыл жыйынтыгын чыгаруу. Жайыт комитетинин отурумун өткөзүү. Жайыт комитетинин ревизиялык комиссиясынын бухгалтердик документтерди ревизиядан өткөзүү. Жайыт акысын жана жайыт жер салыгын төлөбөгөндөр менен иш алып баруу. |
Декабрь 2020ж |
Бекжанов Дж Койонбаева Б. Андакулов Т. Бекмурзин Ш Дуйшеев О. Кенжалиев К. |
Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт
комитетинин төрагасы Дж.Бекжанов