Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/4
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу\
(Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 35/10 токтомунун редакциясына ылайык)
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун 2020-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу маалыматын угуп, Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысы.
№ | Малдын түрү | Бир башка төлөө баа | Айыл өкмөтүнүн 30% үлүшү | Жайыт комитетинин 70% үлүшү |
1 | Кой –эчки | 22 | 6,60 | 15,70 |
2 | Бодо мал | 110 | 33 | 77 |
3 | Чоң жылкы | 110 | 33 | 77 |
4 | Бодо жаш мал | 77 | 23 | 54 |
5 | Жаш жылкы | 77 | 23 | 54 |
6 | Башка багытка жайыттарды пайдалануу | 1 га 1000 сом | 300 | 700 |
7 | (Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 35/10 токтомунун редакциясына ылайык жокко чыгарылды) | |||
2.Чүй айыл аймагында каттоодо турбаган же болбосо жашабаган жарандар жана Чүй айыл өкмөтүндө катооодо турбаган мал жандыктарга жайыт жерин пайдаланса бекитилген мал башына төлөнүүчү баага кошумча 20% пайыздык жайыт акысы алынсын.
3.Балык чарбасын уюштуруу үчүн жайыт жеринен ар бир келишим түзгөн ижарага 0,30 гектар жер убактылуу берилсин.
4.Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жана каржы, экономика бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |