Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/5
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдын ичинде аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин 2019 –жылдын ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету бекитилсин жана ишине канааттандырарлык баа берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | З.Амангельдиев |
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылга түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү программасында каралган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат.
Чүй айыл өкмөтү жергиликтүү маселелерди чечүүдө, тышкы жана ички инвестиция тартуу боюнча жеке ишкерлер, мамлекеттик жана эл аралык донорлор менен жигердүү иш алып барат. Быйылкы жылы жергиликтүү бийлик тарабынан ондон ашык долбоор дайындалып, алардын ичинен ишке ашканы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 9-январындагы «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жарлыгын ишке ашыруу максатында Чүй айыл өмөтүнө караштуу Арал жана Садовое айылдарында жайгашкан орто мектептерине жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулду (долбоордун жалпы баасы 500 миң сом);
«Мерсико» уюму аркылуу Арал айылынын жана Садовое айылынын И.Укуев атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарына ысык тамак менен камсыз кылынууда (жалпы долбоордун суммасы 1,5 млн.сом);
Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан, Арал айылындагы 2 километр аралык чоң жолдун жээгине прожекторлорду орнотулууда (долбоордун суммасы 1,0 млн. сом);
Чүй райондук өнүктүрүү фондунан Чүй айылында жайгашкан «Кылым-Кыяматтары» мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштери башталууда (жалпы суммасы 446 737 сом);
Чүй айылындагы борбордук стадионого замамбап спорт коплексин курууга проекттик-сметалык документтери 280 миң сомго республикалык бюджеттен каржыланып мам.экспертизада кароодо өткөн. Бүгүнкү күнү тендер жарыйланып, тендердын жыйынтыгы боюнча 23,0 млн. сомду түздү. Куруу иштерин баштоого республикалык бюджеттен каржы күтүлүүдө.
Чүй айылынын таштандыларын чыгарууга атайын техника алуу, долбоордун жалпы суммасы 2,173 млн. сом жана Чүй айыл өкмөтүнө караштуу Садовое айылына жаңы таза суу магистралын куруу, долбоордун жалпы суммасы 4,750 млн. сом анын ичинен 1,3 млн. сом өздүк салым, Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн;
Сүйлошүүлөр жүрүп жаткан долбоорлор:
Чүй айылынын Жаңы конушундагы таза суу магистралын аягына чыгаруу, долбоордун жалпы суммасы 19,5 млн сом, анын ичинен 4,5 млн. сомго иш аткарылган, маамлекеттик курулуш агентствосуна өткөрүлүп, эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө;
Арал айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу (долбоордун баасы 1,2 млн. сом) жана Чүй айылындагы «Музыка мектебинин» экинчи кабатын куруу (долбоордун баасы 4,5 млн. сом анын ичинен 500 миң сом өздүк салым) Орто Азиядагы Америкалык кайрымдуулук фонду аркылуу чет өлкөлүк донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө;
АРИСтин ПСИ-3 аркылуу Чүй айылына бала бакча куруу долбоору дайындалууда (долбоордун баасы болжол менен 17,0 млн. сом).
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылга карата түзүлгөн Чүй айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы 5 негизги багытты өзүнө камтыйт:
Жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу;
Социалдык сектор;
Капиталдык курулуш;
Маданият жана спорт;
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу.
Жогорудагы аталган багыттарда төмөндөгү иштер кылынган:
Жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу багытында Чүй айыл аймагында тазалыктын үч айлыгы жарыяланып, айыл ичин көрктөндүрүү жана Чүй айылында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушунун ардагерлерине арналган эстелик, «Кылым - Кыяматтары» мемориалдык комплексин оңдоп сырдоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 1500 кг акиташ, кол кап, сыр, сырдоочу тетиктер, мешок, чалгы ж.б. сатып алганга 63470 сомго жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
2019-жылдын ичинде айыл ичиндеги баардыгы болуп 1440 мЗ чар-жайыт таштандыларды чыгарууга 396000сом жана элдин кожолуктарынан 5958 м3 таштандыларды чыгарууга 469430сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен чыгымдалды. Баардыгы 7098 м3 таштанды чыгарганга жергиликтүү бюджеттен 865430 сом акча каражаты чыгымдалды.
Чүй айылындагы Береговая көчөсүнүн аягынан 150 метр узундуктагы жаңы дренаж казылып азыркы учурда Береговая көчөсүндөгү арыктарда жер астынан чыккан суу толугу менен кетти. Бул аткарылган жумушка жергиликтүү бюджеттен 396 300 сом акча каражаты сарпталды. Жыйынтыгында Чүй айылынын түндүк тарабындагы жерден чыккан суулар тартылып жаны казылган дренаж аркылуу суулар агууда.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын ички сугат суу арыктары эксковатор жана К-700 унаалары менен тазаланып азыркы күндө дыйкандарга сугаруу ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аткарылган жумуштарга жергиликтүү бюджеттен 443485 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттарын (название улиц) табличкаларын сатып алууга 45000 миң сом акча каражаты ошондой эле Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине көчө көрсөткүчтөр (указательные знаки)орнотуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 274500 сом акча каражаты чыгымдалды. Баардыгы болуп 319500 сом акча каражаты сарпталган.
Чүй айылынын көп кабатту үйлөрүнөн чыккан таштандыларды таштаганга жаңы 23 даана контейнер 213 864 сомго сатып алынды.
Чүй айыл өкмөтүнүн таштанды ташуучу атайын унааларына 167 000 мин сомго тетиктерди алынып жасалууда.
Чүй айылындагы 3 светофор объектинин лампочкалары өз убагында алмаштырылып жана азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жалпысынан 800 миң сомго 150 даана прожектор алынып, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен приоритеттүү болгон кочолор Межевая, Ломоносова, Линейная, Сельская, Покровская жана Полевая баардыгы болуп 7.5 километр аралык жарыктандырылды.
Чүй айылынын К- Маркса көчөсү (Межеваядан - Бригадная) 450м жана Новая (М. Сансызбаевден – К - Маркса) 350 м көчөлөрү асфальт төшөлдү жана Покровская – Ибраимова көчөсүнүн чункурлары асфальт менен төшөлдү, бул аткарылган иштерге жергиликтүү бюджеттен 3 303095 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй айыл өкмөтүнүн жумушчуларын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында Чүй айыл өкмөтүнө жаңы компютерлер 84000 сом акча каражатына алынып берилди.
Чүй айылынын борбордук стадионунун эшик, терезе жана түнкү жарык берүүүчү чырактары алмаштырылып бул аткарылган иштерге 75500 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
Чүй айылынын Сельская, Советская №187, Заводская №27 жана Шоссейная №1,2 заманбап балдар ойноочу аянтчалары салынууда жана бул иштерге 698 692 мин сомго жазалып жатат.
Чүй айылынын №1 жана №2 орто мектептеринин жылуулугуна каралган акча каражатын сарамжалдуу колдонуу максатында жылуулук системасына эсептоочүү эсептегичин текшерүүдөн өткөрүүгө 44 248 сом акча каржаты сарпталды.
Чүй айылындагы №1 Ф. Марков атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 70000 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттен жасалууда.
Чүй айылынын №2, №1 орто мектептерине жана №1,№2 бала бакчаларга видео көзөмөл жүргүзүүгө 187150 сом акча каржаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп коюлду
2019- жылдын 1 жылдын ичинде Чүй, Садовое жана Арал айылдарында 150 даана ээси жок жолбун иттер атылып “Беккари” чункуруна салынып өрттөлүндү.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын бөлмөсүнө стол, шкаф, диван, кресло жана башчынын бөлмөсүнө телевизор алганга жергиликтүү бюджеттен 101200 сом акча каражаты сарпталды.
Күз -кыш айларына даярдык көрүү максатында жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатына 220 тонна көмүр сатып алынды жана Арал орто мектебине 120 тонна, "Бакыт" бала бакчасына 25 тонна, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 75 тонна таркатылды.
Чүй айылындагы №2 орто мектебинин биринчи кабатынын жылуулук системасы 327828 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттен жасалды.
Чүй айылынын Сельская, Советская №187, Шоссейная №24,26, жана Шоссейная №1,2 балдар ойноочу аянтчалары салынып бүтүп, бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 698692 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй айылындагы №2 орто мектебине стеллаждар жана тамак жасоочу бөлмөгө столдор, таразалар жана суу жылыткычтар алынып берилди, бул ишке жергиликтүү бюджеттен 58200 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй айыл өкмөтүнө женил автоунаасы 690000 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттен алынды.
Чүй айылынын Колхозная көчөсүнө жабык типтеги дренаж салууга 513803 сомго ОсОО “Азик” ишканасы азыркы күндө жасоодо.
Чүй айылынын Линейная жана Межевая (тупик) көчөлөрүн грейдер менен түртүп жана шагыл төгүү иши 498351 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттен жасалууда.
Азыркы күндө турмуш-тирчилик бөлүмүндө 2 автоунаа менен көп кабаттуу үйлөрдүн жана Чүй айылынын кожолуктарынын таштандылары чыгарылып жатат.
Чүй айылынан турмуш – тиричилик бөлүмүнө караштуу каттар өз убагында жооп берилип актылар түзүлүп жатат. Бак кыюу боюнча Чүй айыл өкмөтүнүн жашочуларынын кайрылуулары “Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине” уруксат алууга кат даярдалып , жашочуларга жооптору берилип турат.
2019- жылдын ичинде Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк чыгашасы –32484,8 млн жана киреше бөлүгү 36046,9 млн сомду түздү:
№ | Аты | 2019ж |
1 | Киреше салыгы | 18418,2 |
2 | Бирдик салыгы | 169,0 |
3 | Ыктыярдуу патент салыгы | 294,2 |
4 | Милдеттүү патент салыгы | 2863,5 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1485,1 |
6 | Автоунаалар салыгы | 2605,5 |
7 | Огород салыгы | 185,5 |
8 | а/чарба жер салыгы | 1503,7 |
9 | а/чарба жер салыгына кирбеген жерлер | 1762,4 |
10 | Сатуудан тушкөн төлөмдөр | 3874,7 |
11 | Башка салыктар жана чогултуулар | 4,5 |
12 | Лицензия кармоо боюнча | 230,2 |
13 | Айыл ичиндеги жерлердин ижара акысы | 875,3 |
14 | Жайыт боюнча салыгы | 230,0 |
15 | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | 855,0 |
16 | Ижарага берилүүчү имараттар | 1,0 |
17 | Таштандылардан түшкөн төлөмдөр | 74,8 |
18 | Мам. Кызыкчылыгы үчүн | 15,0 |
19 | Жерлерди сатуу | 54,4 |
20 | унаа сатуудан түшкөн | 9,1 |
21 | Дагы башка жер астындагы суулар | 28,1 |
22 | Өз ара эсентешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар | 507,4 |
| Баардыгы | 36046,9 |
Жумушчулардын эмгек маянасына - 7753,4 млн сом;
Социалдык фондго которууларга - 1162,0 млн сом;
Байланыш кызматына – 139,0 миң сом;
Картридж ондоо-62,3 мин сом
Электр энергиясына – 3623,5 млн сом;
Жылуулук энергиясына – 4358,2 млн сом;
Таза сууга - 389,3 миң сом;
Кызматтык барууга – 80,0 миң сом;
ККИ (таллон) - 230,0 миң сом.
Майрамдар - 413,0 млн сом.
Социалдык бөлүм – 378,5 миң сом.
ГСМге-768,0 миң сом
Тетиктерди сатып алууга-167,0 миң сом
Кошумча чыгымдарга- 3135,6 млн сом
Оңдоо иштерине - 754,4 миң сом
Сатып алууга-437,3 миң сом
Көмүр сатып алууга-613,8 миң сом
Негизги каражаттарга - 8019,5 млн сом.
БАРДЫГЫ 32484,8 млн.сом
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 жылдын дебитордук карызы:
Атайын техникалардын тетиктери - 94,2 миң;
Ноутбук сатып алууга - 180,95 миң;
№ 2 орто мектебинин жылуулук
системасын оңдоого - 327,828 миң;
Күйүүчү майга - 127,25 миң;
Мектептердин ашканасына
идиш аяк - 113,4 миң;
Коллектордук дренаждык тармак - 513,803 миң;
Жолду түрттүрүү - 498,351 миң;
Садовое айылынын суу
магистралын оңдоо - 1500,0 млн;
Электроэнергия - 353,0 миң;
Жылуулук энергиясы - 121,663 миң
Бардыгы: - 3830,4 млн.
Чүй айыл өкмөтүнүн
калдык 1672, 3
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнүн
2019 – жылдын ичинде аткарылган иштери тууралуу.
Чүй айыйл өкмөтүнүн аскер учетко каттоо бөлүмүндө аскерге милдеттүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлердин саны 3 338 адамды түзөт.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнөн 17 аскер кызматына милдеттүү жарандар жашаган жерин которгондугуна байланыштуу каттоодон чыгышкан, 23 аскер кызматына милдеттүү жарандар каттоодон өтүшкөн.
Жазгы чакыруунун негизинде аскер кызматын өтөөгө милдеттүү жарандарга чакыруу кагаздары таркатылып 5 аскер кызматына милдеттүү уландар чыныгы аскер кызматын өтөөгө жөнөтүлдү жана альтернативдик кызматты өтөөгө 36 улан чакырылды.
Ал эми жашы 25 жаштан өткөн кызмат өтөбөгөн жарандардын ичинен 2 киши РСК банкы аркылуу 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп, колдорунда аскердик күбөлүктөрүн алышты жана 3 киши акча каражатын бөлүп төлөп жатышат.
2019-жылдын ичинде альтернативдик кызматтагы жоокерлерден мамлекеттин казынасына 370,0 миң сом акча каражаты төгүлдү.
Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын | Огород салыгы | Авто унаалар салыгы | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | Бардыгы: | ||||||||||
факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % |
1004,0 | 994,1 |
| 100,0 | 107,0 |
| 1500,0 | 1673,8 |
| 300,0 | 291,6 |
| 2904,0 | 3066,5 | 105,6 |
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын киреше бөлүгү боюнча маалыматы.
Агрардык блок:
2019-жылдын ичинде айыл өкмөтүндө айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 10 623 га түздү. Анын ичинен: айдоо жерлеринин аянты 3 460 га:
Дыйкан чарба башчыларынын үлүш жерлери-3460га,
Мамлекеттик фондусунун жерлери 313 га
Жеке менчик укугундагы көп жылдык бактар-38га,
Шагылдуу жерлер -27 га,
Көп жылдык бактар-16га түзөт (бүгүнкү күндө сотто кароодо).
Мамлекеттик фондусунун 313 га айдоо жерлери 5 жылдык мөөнөт менен ижарачыларга берилип, бош калган жер аянттары жок.
Жайыт жерлеринин жалпы аянты 7082 га түзөт. Анын ичинен: тоодогу жайыттар 6079 га жана айыл четиндеги ички жайыттар 1003 га. 2019-жылдын 1-сентябрына карата айыл өкмөтү боюнча себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты жана орточо түшүмдүлүүгү жөнүндө маалымат.
Чүй айыл өкмөтү боюнча 2019 – жылдын түшүмүнө айдап себилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 2018 – жылга карата салыштырмалуу түзүмү:
Өсүмдүктөрдүн аталышы | 2018 – жылы себилген | 2019 – жылга себилди | 2017 -жылга карата (+, -) |
Себүү аянттары | 3638 | 3638 | 0 |
Баардык дан эгиндери | 1242 | 1253 | +11 |
а.и. буудай (баардыгы) | 223 | 226 | +3 |
Күздүк буудай | 95 | 102 | +7 |
Жаздык буудай | 128 | 124 | -4 |
Арпа (баардыгы) | 505 | 513 | +8 |
а.и күздүк арпа | 10 | 18 | +8 |
Жаздык арпа | 495 | 495 | 0 |
Жүгөрү | 504 | 504 | 0 |
Чанактуу дан өсүмдүктөрү (фасоль) | 10 | 10 | 0 |
Башка дан өсүмдүктөрү |
|
| - |
Май өсүмдүктөрү (соя, күн карама) | 4 | 4 | 0 |
Кант кызылчасы | 350 | 289 | -61 |
Клубника | - | - | - |
Таза беде | 15 | 15 | 0 |
Картошка | 245 | 233 | +12 |
Жашылчалар | 390 | 390 | 0 |
Соя | 246 | 246 | 0 |
А.и. көп жылдык чөптөр | 1146 | 1208 | +62 |
Бир жылдык чөптөр | - | - |
|
Силос үчүн жүгөрү | - | - |
|
Иштетилбей калган жерлер | - | - |
|
Башчы Шакеев Ж.М.