Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/7
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин аткарылышы туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын "Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы" туралуу маалыматын угуп, жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 -беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу маалыматы бекитилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
2019- жылдын ичинде Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк чыгашасы –32484,8 млн жана киреше бөлүгү 36046,9 млн сомду түздү:
№ | Аты | 2019ж |
1 | Киреше салыгы | 18418,2 |
2 | Бирдик салыгы | 169,0 |
3 | Ыктыярдуу патент салыгы | 294,2 |
4 | Милдеттүү патент салыгы | 2863,5 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1485,1 |
6 | Автоунаалар салыгы | 2605,5 |
7 | Огород салыгы | 185,5 |
8 | а/чарба жер салыгы | 1503,7 |
9 | а/чарба жер салыгына кирбеген жерлер | 1762,4 |
10 | Сатуудан тушкөн төлөмдөр | 3874,7 |
11 | Башка салыктар жана чогултуулар | 4,5 |
12 | Лицензия кармоо боюнча | 230,2 |
13 | Айыл ичиндеги жерлердин ижара акысы | 875,3 |
14 | Жайыт боюнча салыгы | 230,0 |
15 | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | 855,0 |
16 | Ижарага берилүүчү имараттар | 1,0 |
17 | Таштандылардан түшкөн төлөмдөр | 74,8 |
18 | Мам. Кызыкчылыгы үчүн | 15,0 |
19 | Жерлерди сатуу | 54,4 |
20 | унаа сатуудан түшкөн | 9,1 |
21 | Дагы башка жер астындагы суулар | 28,1 |
22 | Өз ара эсентешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар | 507,4 |
| Баардыгы | 36046,9 |
· Жумушчулардын эмгек маянасына - 7753,4 млн сом;
· Социалдык фондго которууларга - 1162,0 млн сом;
· Байланыш кызматына – 139,0 миң сом;
· Картридж ондоо-62,3 мин сом
· Электр энергиясына – 3623,5 млн сом;
· Жылуулук энергиясына – 4358,2 млн сом;
· Таза сууга - 389,3 миң сом;
· Кызматтык барууга – 80,0 миң сом;
· ККИ (таллон) - 230,0 миң сом.
· Майрамдар - 413,0 млн сом.
· Социалдык бөлүм – 378,5 миң сом.
· ГСМге-768,0 миң сом
· Тетиктерди сатып алууга-167,0 миң сом
· Кошумча чыгымдарга- 3135,6 млн сом
· Оңдоо иштерине - 754,4 миң сом
· Сатып алууга-437,3 миң сом
· Көмүр сатып алууга-613,8 миң сом
· Негизги каражаттарга - 8019,5 млн сом.
· БАРДЫГЫ 32484,8 млн.сом
Каржы-экономика башчысы А.Малдыбаева