Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/9
Чүй айыл өкмөтүнүн 2020 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү туралуу
Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2020 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 47 961,9 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинен:
-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы - 42 743,5 миң сом
-Атайын эсептен – 5 218,4 миң сом.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 47 961,9 миң сомго бекитилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасы – 42 743,5 миң сомго
-Атайын эсептен 5 218,4 миң сом
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |