Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/10
Садовое айылындагы Проектируемый көчөсүнүн атын Ш.Ниязалиевдин атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү" токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндөгү" мыйзамынын 7пунктуна ылайык, Садовое айылындагы Проектируемый көчөсүн Шайлообек Ниязалиев атындагы көчөгө алмаштыруу жөнүндөгү Садовое айылынын тургундарынын жамааттык арызынын жана бул өтүнүч Ш.Ниязалиевдин көрүнүктүү жетишкендиктеринин, Садовое айылынын тургундарынын каалосунун жана жогорку көрсөтүлгөн материалдардын негизинде Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Садовое айылындагы Проектируемый көчөсүнүн атын Шайлообек Ниязалиев атындагы көчөгө алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Садовое айылындагы Проектируемый көчөсүнүн атын Шайлообек Ниязалиев атындагы көчөгө алмаштырууга байланыштуу кеткен акча каражаттары тууганынын эсебинен чыгымдалсын. (Ш.Ниязалиевдин баласы).
3.Бул токтомду белгиленген мыйзамдын тартибинде Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине каттого жиберилсин.
4.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | З.Амангельдиев |