Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 14-июлу № 26-27

Аламүдүн айыл аймагын 2017-жылдын I жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү аткаруу жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын Аламүдүн айыл аймагын 2017-жылдын I жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл аймагын 2017-жылдын I жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету эске алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко