Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 159-27
Велосипед сатып алуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу айыл аймагында калк менен иштөөнүн натыйжалуулугун жакшыртуу максатында жардам көрсөтүү боюнча маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө 9 даана велосипед сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |