Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-апрели № 160
Өзгөчө абал жана карантин учурунда Аламүдүн айыл аймагынын муктаж тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ишти уюштуруу жөнүндө
Коронавирус инфекциясынан улам киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу келген тамак-аш азыктарын рационалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- өзгөчө абал жана карантин учурунда Аламүдүн айыл аймагынын муктаж тургундарына гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссияны түзүүгө;
- турмуштук оор кырдаалда турган өтө муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүгө;
- турмуштук оор кырдаалда турган өтө муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү сапатын жана алуучуларга гуманитардык жардамдын жеткирилүүсүн жеке контролго алууга.
2. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн жыйынтыктары боюнча белгиленген тартипте Аламүдүн айылдык кеңешине отчет берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |