Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 181-27
Имаратты ижаралоо келишимин узартуу жөнүндө
Аламудун айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин ашкана имаратын ижаралоо келишимин узартуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15июлундагы № 101 ”Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламудун айыл өкмөтүнүн башчысы 2020-жылдын 1-апрелинен тартып ижаралоо келишимин бир жылга узартсын.
2. Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген мөөнөттө бардык коммуналдык кызматтардын акысын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөнү жүргүзсүн.
З. Башчы айыл өкмөтүнүн кызматчылары аталган ашканада акысыз тамактануусун төлөөнү чыгымдар сметасында карап чыксын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |