Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июлу № 182-27
Аламудун айыл аймагынын муктаж тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ишти уюштуруу жөнүндө
Аламудун айыл өкмөтүнүн башчысынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 250 кап ундун (ар бири 50 килограммдан) келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле калктын социалдык-аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Оор турмуштук кырдаалда жашаган өтө муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамды бөлүштүрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Өтө муктаж үй-бүлөлөр үчүн 250 даана (5 литрден) өсүмдүк майын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
З. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айьш өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |