Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июлу № 183-27
Кирешелер жана чыгашалар планын тактоо жөнүндө
Атайын эсеп боюнча 2020-жылга карата кирешелер жана чыгашалар планын тактоого байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
Атайын эсеп боюнча 2020-жылга карата кирешелер жана чыгашалар планын тактоого байланыштуу
1. Киреше планы 70911-бала бала бакча бөлүмү боюнча 14232400-беренеси – мектепке чейинки мекемелердин кошумча кызматтарды көрсөткөнү үчүн төлөм – 1500,0 миң сомго азайтылсын, ага ылайык чыгаша бөлүмүнүн планынын 70911 бөлүмү боюнча 22181100-беренеси – 1500,00 миң сомго азайтылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |