Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июлу № 184-27
Кирешелер жана чыгашалар планын азайтуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Д.Алымбаеванын 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешелер жана чыгашалар планын азайтуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2020-жылдагы кирешелер планын тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план азайтылсын:
Киреше салыгы - 4400,0 миң сомго;
МИнин субъектилери үчүн бирдиктүү салык - 350,0 миң сомго;
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 115,9 миң сомго;
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык -1940,5 миң сомго;
Сатуудан салык - 1000,0 миң сомго;
Баары - 7806,4 миң сомго.
2. Мындан улам бюджеттик эсеп боюнча смета турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча 311-берене боюнча Негизги каражаттар - 7806,4 миң сомго азайтылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |