Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 190-27
Салык укук мамилелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин Аламүдүн району боюнча салык кызматтарын башкаруу менен салык укук мамилелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн району боюнча Аламүдүн айыл өкмөтү менен салык кызматы башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн салык укук мамилелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. Ушул келишимде аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктарынын жана милдеттеринин аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн
Төрага: | А. Филимоненко |