Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 191-27
Жол белгилери жана жасалма тегизсиздиктер жөнүндө
Аламүдүн айылынын Гоголь, Чугуев көчөлөрүнүн жашоочуларынын Чугуев көчөсү боюнча жол белгилерин жана жасалма тегизсиздиктерди орнотуу жөнүндө арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылынын Чугуев көчөсү боюнча жол белгилерин жана жасалма тегизсиздиктерди орнотуу жактырылсын.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге Аламүдүн районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана № 39 жолдорду эксплуатациялоочу ишканага Аламүдүн айылы Чугуев көчөсү боюнча жол белгилерин жана жасалма тегизсиздиктерди орнотуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |