Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-сентябры № 186-27
Материалдарды жана жабдууларды өткөрүп берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин 2020-жылдын мартынан августуна чейин сатып алынган материалдар жана жабдуулар жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын мартынан августуна чейин сатып алынган материалдарды жана жабдууларды Аламүдүн айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |