Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 192-27
Аламүдүн айылы Гоголь көч, № 69 турак үйү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын Аламүдүн айылы Гоголь көч, № 69 дареги боюнча жайгашкан короо-жай участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылы Гоголь көч, № 69 дареги боюнча жайгашкан короо-жай участогунун максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |