Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 193-27
Келишим түзүүнү токтотуу жана жер участокторун алып коюу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жер участорун пайдалангандыгы үчүн ижара акысы боюнча карыздар тууралуу маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жер участорун пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөгөндүгүнө байланыштуу Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү боюнча жайгашкан жер участокторун алып коюу жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү боюнча жайгашкан жер участокторун пайдаланууну токтотууга жол-жоболорду сактоо менен сот органдарына тиешелүү документтерди даярдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |