Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 195-27
Почта бөлүмдөрүн оңдоп-түзөө жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагында жайгашкан почта бөлүмдөрүн капиталдык оңдоп-түзөө жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл аймагынын почта бөлүмдөрүн капиталдык оңдоп-түзөө жана эмеректерди сатып алуу үчүн (үч почта бөлүмүнө) жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |