Редакцияот 28.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 28-октябры № 197-27

Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын Аламүдүн айылы Алма-Ата көч., № 539 дареги боюнча чыккан өрт кырсыгы жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айылы Алма-Ата көч., № 539 дареги боюнча чыккан өрт кырсыгынан жабыр тартканга жергиликтүү бюджеттен 50,0 (Элүү) миң сом өлчөмүндө материалдык жардам бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко