Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 198-27
Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө социалдык үй куру үчүн Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |