Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 199-27
ФАП үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу жөнүндө
Башчынын коронавирустук инфекциясынын күч алуусуна байланыштуу маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн жана Садовое айылдарынын фельдшердик-акушердик пункттары үчүн дары-дармек каражаттарын жергиликтүү бюджеттен 370,0 миң сом өлчөмүндөгү каражатка сатып алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |