Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-майы № 2-28
Айыл аймагынын башчыcына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагынын башчысынын иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын башчылыгына Кольбаев Найзабек Асанбековичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына Аламүдүн айыл аймагынын башчылыгына шайлоого катышуу үчүн Н.А.Кольбаевдин талапкерлигин каттоого арыз берилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы А.П.Филимоненкого жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |