Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-майы № 3-28
Акыркы коңгуроо жөнүндө
Окуу жылынын аякташына, мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроону уюштурууга байланыштуу, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 1, № 2 Аламүдүн жалпы орто билим берүү мектептеринин директорлоруна санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроону уюштурууга жана өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо мектептердин директорлору Г.А.Асековага жана Л.Е.Носковага жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |