Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 02-июлундагы
№7-28 токтому менен бекитилген
“Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1.1. “Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фонду, мындан ары “Фонд” деп аталат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
Фонд мүчөлүгү жок жана социалдык, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
1.2. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен жүргүзөт.
1.3. Фонд өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка уюмдар, ошондой эле жарандар менен өз ара аракеттенүү аркылуу уюштурат.
1.4. Фонддук толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фонду;
- расмий тилде: Общественный фонд “Фонд развития Аламудунского айылного аймака”;
1.5. Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” КФ;
- расмий тилде: ОФ “Фонд развития Аламудунского айылного аймака”;
1.6. Фонддун жайгашкан жери – Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, ________________ а., _______________.
1.7. Фонддун иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.8. Фонддун иштөө аймагы – Кыргыз Республикасы.
1.9. Фонддун уюштуруучусу болуп:
- “Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү” мекемеси саналат; юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Набережная көч., 300а.
2. Фонддун укуктук статусу
2.1. Фонд мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп саналат жана өзүнчө мүлккө ээлик кылат, банктарда өз алдынча баланстык, алыш-бериш эсеби жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болуп, милдеттемелерди алып, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
2.2. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мүлк эсебин өндүрүү каралса, Фонд өзүнө таандык мүлк боюнча милдеттемелерине жооп берет. Фонддун ишмердигинен түшкөн бардык кирешелер анын уставдык милдеттерин чечүүгө пайдаланылат.
2.3. Мамлекет Фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербегендей эле, Фонд да мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт
2.4. Фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттемелери боюнча жооп бербейт, ал эми Фондду уюштуруучулар анын милдеттемелери боюнча жооп беришпейт.
2.5. Уюштуруучулар Фонддун менчигине берилген мүлккө укуктарды сактап калбайт. Фонд мүлктү ушул Уставда аныкталган максат үчүн пайдаланат. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укуктары уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укугу өтүүчүгө берилиши мүмкүн эмес. Ал уюштурулгандан кийин фондго мүлк берген жак уюштуруучунун укуктарын албайт.
2.6. Фонддун өзүнүн аталышы менен эмблемасы, штамптары жана тегерек мөөрү бар.
2.7. Аткаруучу орган Фонддун мөөрүнүн жана штамптарынын колдонулушун, сакталышын камсыз кылат.
2.8. Фонд өз кирешелерин пайдалануу тартибин, кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жана сыйлоонун түрлөрүн жана өлчөмдөрүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
2.9. Мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын Фонддун ишине кийлигишүүсүнө, ошого тете Фонддун мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсүнө да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, жол берилбейт.
2.10. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштурууга жана басмакана ишин жүргүзүүгө укуктуу.
2.11. Фонд эл аралык коомдук (өкмөттүк эмес) бирикмелерге кирүүгө жана түз эл аралык байланыштарды жүргүзүүгө укуктуу.
2.12. Фонд коомдук-пайдалуу максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк жана башка чарбалык иш менен алектенүүгө укуктуу.
Алынган кирешени уюштуруучулар ортосунда бөлүштүрүүгө Фонддун укугу жок. Фонд тарабынан алынган пайда анын уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга багытталат.
3. Фонддун максаттары жана милдеттери
3.1. Фонд Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Аламүдүн айыл аймагынын тургундарынын жашоосунун сапатын жана деңгээлин жогорулатууга багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.
3.2. Уставдык максаттарга жетүү үчүн Фонд Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү багыттар боюнча көмөктөшөт:
- Айыл аймагынын атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык экономикасы үчүн шарттарды түзүү;
- билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;
- тургундардын ден соолугунун абалын жакшыртуу жана сергек жашоо образы үчүн шарттарды түзүү;
- тургундардын маданий, чыгармачыл, руханий жана адеп-ахлактын дараметин ачуу жана натыйжалуу жаштар саясаты;
- Аламүдүн айыл аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүү;
- тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- курчап турган чөйрөнү көрктөндүрүү.
3.3. Фонд өзүнүн уставдык милдеттерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын майзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
3.4. Ыйгарым укуктуу министрликтерден жана ведомстволордон атайын уруксат (лицензияларды) алууну талап кылган иштин түрлөрү боюнча Фонд алынган уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде гана иш жүргүзөт.
4. Фонддун өндүрүштүк жана чарбалык иши
4.1. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өндүрүштүк жана чарбалык иштерди жүргүзөт.
4.2. Өндүрүштүк жана чарбалык иштен түшкөн кирешелерди Фонддун уюштуруучуларынын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө мүмкүн эмес жана уставдык милдеттерди аткаруу үчүн гана пайдаланылат. Фонд өзүнүн каражаттарын, уставда көрсөтүлбөсө дагы, кайрымдуулукка жумшоого жол берет.
5. Фонддун мүлктөрү жана каражаттары
5.1. Фонддун мүлкүн анын бухгалтердик балансында турган жана Фонддун менчиги болуп саналган материалдык жана финансылык ресурстар түзөт. Фонддун менчигинде имараттар, курулмалар, жабдуулар, маданий-агартуу жана ден соолукту чыңдоо багытындагы мүлктөр, акча каражаттары, баалуу кагаздар жана башка ушул Уставда каралган ишти материалдык жактан камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мүлктөр болушу мүмкүн.
5.2. Фонддун мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Фонддун уюштуруучуларынын максаттуу төгүмдөрү;
- Фонддун өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшкөн кирешелер;
- Фонддун мүлкүн пайдалануудан алынган каражаттар;
- Фонд өткөргөн иш-чаралардан түшкөн каражаттар;
- узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү насыялар;
- менчиктин түрдүү формасындагы техникалык жана демөөрчүлүк жардам, анын ичинде гранттар жана кайрымдуулуктар;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тыюу салбаган башка кирешелер.
5.3. Фонд жүгүртүүдөн чыгарылбаган түрдүү мүлктү белекке алууга укуктуу.
5.4. Фонддун ишинин бардык түрлөрүнөн түшкөн кирешелер Фонддун уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга пайдаланылышы мүмкүн жана анын уюштуруучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө жатпайт.
5.5. Белгиленген тартипте Фонд бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулук жүргүзөт.
6. Фондду башкаруу органдары
6.1. Фонддун жогорку башкаруу органы болуп Фонддун Уюштуруучусу саналат.
6.1.1. Уюштуруучунун өзгөчө компетенциясы болуп төмөнкүлөр саналат:
- Фонддун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Фонддун уставын бекитүү;
- Фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Фонддун Директорун дайындоо жана чакыртып алуу;
- Фонддун байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо (чакыртып алуу);
- Фонддун Текшерүүчү комиссиясын (Текшерүүчүсүн) дайындоо (чакыртып алуу);
- Фонддун ишине аудитордук текшерүүлөрдү дайындоо жана өткөрүү;
- Фонддун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин түзүү жана токтотуу менен байланышкан маселелерди чечүү, алар жөнүндө Жоболорду бекитүү;
- ушул уставдын жоболоруна ылайык Фондду башка башкаруу органдарынын компентенциясына киргендерден тышкары, Фонддун ишине байланышкан башка түрдүү ыйгарым укуктарды (анын ичинде – Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү үчүн) ишке ашыруу.
6.1.2. Ушул Уставга ылайык Уюштуруучунун компетенциясына кирген Фонддун ишине байланышка маселелер Уюштуруучунун кат жүзүндө таризделген чечиминин негизинде аткарылууга тийиш.
6.1.3. Ушул Уставга ылайык Уюштуруучунун компетенциясына кирген Фонддун ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарылчылык чарасы Уюштуруучунун каалоосу боюнча аныкталат.
6.2. Фонддун ишине көзөмөл жүргүзүүчү орган болуп Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары текст боюнча – “Байкоочу кеңеш”) саналат.
6.2.1. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн саны (кеминде үч адам) Уюштуруучунун тиешелүү чечиминин негизинде аныкталат.
6.2.3. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Уюштуруучунун чечими боюнча дайындалган учурдан тартып чакыртылып алынган учурга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
6.2.4. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Фонддун ишине көзөмөл жүргүзүү жана ишинин багыттарын жана саясатын аныктоо;
- Фонддун Башкармасынын наркы 100 000 сомдон жогору бүтүмдөрдү, ошондой эле Фонддун кыймылсыз мүлктөргө бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечимдерин бекитүү;
- кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;
- Фонддун Директору тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;
- Фонддун Уюштуруучусу анын карамагына өткөрүп берген Фонддун ишинин башка маселелерин чечүү.
6.2.5. Байкоочу кеңештин компетенциясына кирген Фонддун ишине байланыштуу маселелер боюнча чечим Байкоочу кеңештин отурумун өткөрүү аркылуу анын отурумуна катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2.5.1. Байкоочу кеңештин отурумдарында Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусу үчүн кворум Байкоочу кеңештин учурдагы курамынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн түзөт.
6.3. Фонддун аткаруучу органы болуп Фонддун Директору саналат.
6.3.1. Директор ушул уставда аныкталган компетенциясынын чегинде Уюштуруучунун чечими боюнча дайындалган учурдан тартып чакыртылып алынган учурга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
6.3.1. Директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Фонддун ишин аткаруучу жетекчи;
- Фонддун ишине байланыштуу учурдагы маселелерин чечүү;
- Фонддун кызматкерлеринин эмгек акысын жана сыйлоо шарттарын аныктоо;
- Уюштуруучунун жана Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу;
- Фонддун стратегиялык программаларын жана ишинин багыттарын иштеп чыгуу жана уюштуруучунун бекитүүсүнө берүү;
- Фондду ишеним катсыз бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде тааныштыруу;
- эмгек жана башка келишимдерди түзүү жана жокко чыгаруу;
- банктарда эсептерди ачуу (жабуу) жана Фонддун каражаттарын тескөө;
- Фонддун уюштуруучулук түзүмүн, штаттын санын жана эмгек акы фондун бекитүү;
- башкаруунун башка органдарынын өзгөчө компетенциясына кирбеген ыйгарым укуктар.
6.4. Фонддун каражаттарынын мыйзамдуулугуна жана натыйжалуулугуна, Фонддун финансы-чарбалык ишине контроль жүргүзүүнү Фонддун Текшерүүчү комиссиясы (Текшерүүчүсү) ишке ашырат.
6.4.1. Фонддун Текшерүүчү комиссиясынын (Текшерүүчүсүнүн) мүчөлөрүнүн сандык курамы жана аткаруу мөөнөтү Фондду Уюштуруучунун тиешелүү чечиминин негизинде аныкталат.
6.4.2. Текшерүүчү комиссия өз иши үчүн Уюштуручунун алдында жооп берет жана ага өткөрүлгөн текшерүүлөр жөнүндө отчет берет.
7. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7.1. Фонддун кызмат адамы болуп Фонддун Директору саналат.
7.2. Фонддун кызмат адамдарынын, ошондой эле анын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, ушул Устав менен аныкталат.
7.3. Кызмат адамдары жана кызматкерлер Фондго келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында аныкталган негизде жана тартипте мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
8. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
8.1. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8.2. Фонд жоюлган учурда Фонддун мүлкү жана каражаты кредиторлор менен эсептешкенден кийин Фонддун Уставында каралган максаттарга жана милдеттерге багытталат.
8.3. Жоюу аягына чыкты, ал эми Фонд өз ишин токтотту деп каттоочу орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл аланган учурдан тартып эсептелет.
8.4. Фонддун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер ал жоюлган учурда “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат жана пайдаланылат.