Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 8-28
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 3/1-909 катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү бюджеттен Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын резервдик роталарынын казармалык имаратын жана материалдык жабдуулар имаратын капиталдык оңдоп-түзөөгө 300,0 (үч жүз) миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын резервдик роталарынын казармалык имаратын жана материалдык жабдуулар имаратын капиталдык оңдоп-түзөө боюнча иштер “Муницкурулуш” МИге жүктөлсүн.
3. “Муницкурулуш” МИнин директору иштерди чыгашалар сметасына жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |