Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 9-28
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү бюджеттен төмөнкү жарандарга материалдык жардам бөлүүгө уруксат берилсин:
- Аламүдүн айылы Алма-Ата көч., 415 дареги боюнча өрттөн жабыркаган Д.У.Мендешовага 50 (элүү) миң сом өлчөмүндө;
- Аламүдүн айылы Иваницын көч., 26 дареги боюнча жайгашкан үйдүн чатырын оңдоп-түзөө үчүн А.Ниязалиевага 20 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө;
- Аламүдүн айылы Заречная көч., 7/2 дареги боюнча жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Ж.Д.Сулаймановага 10 (он) миң сом өлчөмүндө.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |