Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 10-28
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Садовое айылынын тургуну Б.Б.Биялиеванын арызын, Өнөр жай, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, коммуникация, курулуш, архитектура, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечимин карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 112 Садовое айылы Мыкан көч., 58-үй дареги боюнча жайгашкан короо-жай участогун Р.Р.Гильмудиновдун жеке менчигине берүү жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Садовое айылы Мыкан көч., 58-үй дареги боюнча жайгашкан короо-жай участогун муницпалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |