Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 12-28
Эмгек акы жөнүндө
“Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун директорунун жана бухгалтеринин эмгек акысын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун директорунун бир айлык маянасы 8000 (сегиз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. “Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун бухгалтеринин бир айлык маянасы 7000 (жети) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |