Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 15-28
Сыйлоо жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн профсоюз комитетинин чогулушунун айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин 23-июнь Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамына байланыштуу сыйлоо жөнүндө протоколун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин бир жолку айлык акы менен сыйлоого уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |