Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 16-28
Башчынын отчету жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 7 айында аткарылган иштери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 7 айында аткарылган иштери тууралуу отчету жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18-августундагы
№16-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө 2021-жылдын 7 айында аткарылган иштери тууралуу”
отчету
Демографиялык маалыматтар
Аламүдүн айыл аймагынын жалпы аянты - 594,0 га түзөт.
Аламүдүн айыл аймагында 2 айыл – Аламүдүн жана Садовое айылдары жайгашкан. 2021-жылдын 1-январына карата айыл аймагынын калкы 13 705 кишини түзгөн, үй чарбасынын саны – 4554.
Айылдык кеңештин депутаттарынын саны – 21, муниципалдык кызматкерлердин саны – 20.
Аймакта чарбакер субъектилердин саны – 116.
АКФ, суугаруучу, кайрак жерлер жана жайыттар – жок.
Жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөө боюнча
- узундугу 7 км жолго шагыл төгүү жана грейдерлөө иштери жүргүзүлдү – 622,4 миң сом;
- курулуш таштандыларын ташып чыгаруу, арык блогун тазалоо жана автобус аялдамасын шагыл менен төшөө – 171,0 миң сом.
- көчөнү жарыктандырууну капиталдык оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 104,0 миң сом бөлүнгөн.
Социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча
а) Мектептер
- № 1 АЖОББМнын спорттук стадионун тосуу жана металл дарбаза сатып алуу – 555,1 миң сом.
- мектеп китепканасын оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 306,0 миң сом бөлүндү.
- № 1 АЖОББМнын кезектеги оңдоп-түзөөгө 100,0 миң сом акча каражаты бөлүндү.
- № 1 жана № 2 № 1 АЖОББМ үчүн ЖКК (жеке коргонуу каражаттары) сатып алуу – 378,4 миң сом.
- Балдарга билим берүү мекемелерине (Жомок, Тумар жана Бөбөк) ЖКК (жеке коргонуу каражаттары) сатып алуу – 149,4 миң сом.
в) Почталар
- Аламүдүн айылынын Гагарин жана Алма-Ата көчөлөрүндө жайгашкан 2 почта бөлүмүнө эмерек сатып алуу – 5 48,8 миң сом.
Калкты социалдык жактан коргоо
Жергиликтүү бюджеттин каражатынан жарандарга арызы боюнча материалдык жардам көрсөтүлдү – 240 кишиге 1 265,0 миң сом өлчөмүндө
акча каражаты бөлүндү, ошондой эле төмөнкү иш-чараларга акча каражаты бөлүндү:
- Афганистандан аскерлердин чыгарылган күнүнө, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө, 21-март Ноорузга, ЧАЭСтин 35 жылдыгына, 7-апрелге, 9-майга, Энелер күнүнө, Балдарды коргоо күнүнө, Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата жалпы суммасы 890,0 миң сомду түгөн акча каражаты бөлүндү.
Өрттөн жана жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан 9 үй-бүлөгө 445,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан турак үйлөрдү камсыздандыруу боюнча
Өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан турак үйлөрдү камсыздандыруу боюнча дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, 2021-жылдын 7 айында 340 үй камсыздандырылды.
Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата айыл аймагында баннер илинип, маалымат стенддери даярдалды, ошондой эле «alamudun.кg» сайты иштеп жатат.