Загрузка документа…
«БЕКИТИЛДИ»
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен
Аламүдүн айыл аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары – ЭКБ) пайдалануу жаатындагы ишин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле аталган ишти жүзөгө ашыруудагы укуктук жана уюштуруучулук маселелерин аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна;
7. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына.
1.3. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
ЭКБ субъектиси - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү, берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же иштеп жаткан жеке жана юридикалык жактар, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
ЭКБ электр энергиясы - ЭКБны пайдалануу менен ЭКБ субъектиси тарабынан иштелип чыккан электр энергиясы;
ЭКБ орнотмосу - ЭКБдан өндүрүлгөн, электр энергиясын кабыл алуу (алуу), кайра түзүү, аккумуляциялоо жана (же) берүү боюнча технологиялык жабдуулар же технологиялык жабдуулардын комплекси.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЭКБны пайдалануу жаатындагы иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багыттарган:
- ЭКБны өнүктүү жана пайдалануу аркылуу Аламүдүн айыл аймагынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө;
- курчап турган чөйрөнү коргоо;
- «Жашыл экономика» долбоорунун элементтерин түзүү жана ишке ашыруу.
2.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- атаандаштыкка жарамдуу энергетикалык тутумду өнүктүрүү, энергетикалык ресурстарды диверсификациялоо;
- ЭКБны пайдалануу жаатында инновациялык технологияларды жайылтууга жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга дем берүү;
- ЭКБ жаатында инвестиция тартуу жана ишкердикти колдоо;
- ЭКБнын электр энергиясын өндүрүү жана пайдалануу боюнча ишке дем берүү;
- ЭКБ орнотмосун өндүрүүнү кеңейтүүгө дем берүү;
- Аламүдүн айыл аймагынын бардык муниципалдык ишканаларын ЭКБнын электр энергиясын пайдаланууга этабы менен өткөрүү;
- ЭКБ жаатындагы техникалык жана технологиялык жетишкендиктерди маалыматтык камсыз кылуу;
- ЭКБны өздөштүрүү процессине Аламүдүн айыл аймагынын калкын жана илимий-техникалык дараметин кеңири тартуу;
- энергияны жеткирүү максатында ЭКБ жана энергетикалык тармактын субъектилеринин кызматташтыгын сыйлоо;
- калкты ЭКБ орнотмолорун пайдаланууга өндүрүшкө тартуу;
- ЭКБ жаатындагы эл аралык жана муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнсө салуу функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында ЭКБны пайдалануу жаатында программалардын долбоорун иштеп чыгат;
- Аламүдүн айыл аймагында ЭКБны пайдалануу жаатында чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- ЭКБны пайдалануу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгып, айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- ЭКБны пайдалануу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык программаларды аткарууну камсыз кылат;
- ЭКБ орнотмосун курууга болжолдуу ТЭН кошуу менен жер тилкесин берүү жөнүндө арызды карап чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарына ылайык ЭКБ орнотмосун куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча документтерди даярдоону ишке ашырат;
- ЭКБ орнотмосун куруу ишин уюштурууга ЭКБ субъектисине көмөк көрсөтөт;
- ЭКБ жаатында инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ЭКБ электр энергиясын өндүрүү жана пайдалануу боюнча ишке жана демилгелерге түрткү берүү боюнча, ЭКБ орнотмолорун өндүрүүнү кеңейтүүгө дем берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ЭКБ жаатындагы ишти маалыматтык камсыздоо, ЭКБны пайдаланууну колдоо жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ЭКБнын субъектилеринин ишине колдоо көрсөтүү үчүн коомчулукка консультацияларды өткөрөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында ЭКБны пайдалануу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык программалардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- ЭКБны пайдалануу жаатындагы программаларды ишке ашырууга бөлүнө турган финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ЭКБны пайдалануу жаатында белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнсө салуу функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында ЭКБны пайдалануу жаатында муниципалдык программаларды бекитет;
- ЭКБны пайдалануу жаатында чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- ЭКБны пайдалануу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарына ылайык ЭКБ орнотмосун куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча чечим кабыл алат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ЭКБны пайдалануу жаатында ага жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча ишке контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ЭКБны пайдалануу жаатында төмөнкү мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат:
- энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- бөлүштүрүүчү ишканалар;
- ЭКБ субъектилери.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында ЭКБны пайдалануу жаатында коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара активдүү аракеттенет.
V. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнү каржылоо
5.1. ЭКБны пайдалануу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн каражаттардын;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган ЭКБны пайдалануу жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда коюлган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.