Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18- августундагы
№17-28 токтому менен бекитилди
«Аламүдүн Авто Транс» муниципалдык ишканасынын
муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт
каражаттарындагы видеобайкоо тутуму жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул «Аламүдүн Авто Транс» муниципалдык ишканасынын (мындан ары текст боюнча - МИ) муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарындагы видеобайкоо тутуму жөнүндө жобо «Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Видеобайкоо деп бузууларды автоматтык белгилөө жана кийин пайдалануу үчүн сактоо максатында сүрөттөп көрсөтүүлөрдү көрүнөө контролдоого жана автоматтык анализдөөгө арналган, оптико-электондук түзмөктүн жардамы менен ишке ашырыла турган процесс айтылат.
3. «Аламүдүн Авто Транс» МИнин муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарындагы ачык видеобайкоо тутуму жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугуна, эмгек дисциплинасын жана тартипти сактоого, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылууга багытталган МИнин жалпы коопсуздук тутумунун элементи болуп саналат.
4. Видеобайкоо тутуму ачык болуп саналат, МИнин кызматчыларынын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт жана конкреттүү адам жөнүндө маалымат чогултууга багытталган эмес.
II. Видеобайкоо тутумун уюштуруу тартиби
5. «Аламүдүн Авто Транс» МИнин муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарына видеобайкоо тутумун орнотуу жөнүндө чечим МИнин директору тарабынан Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
6. Видеобайкоо тутуму өзүнө бир катар түзмөктөрдү: камераларды, мониторлорду, жазуучу түзмөктөрдү камтыйт. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто видеокаамераларды орнотуу жери конкреттүү тапшырмаларга ылайык аныкталат.
7. Видеобайкоо жөнүндө МИнин кызматчылары жана жүргүнчүлөрү көрүнүктүү жерлерге орнотулган жазуулар жана белгилер менен кабарландырылат.
8. Тымызын маалымат алууга арналган түзмөктөрдү (жашыруун камераларды) пайдаланууга тыюу салынат.
III. Видеобайкоонун максаттары жана милдеттери
9. Видеобайкоо тутуму төмөнкү милдеттерди аткаруу үчүн иштелип чыккан:
- МИнин жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортундагы абалды контролдоо, кооптуу жана өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде террористтик актылардан улам келип чыккан учурларда өз убагында чара көрүү;
- МИнин кызматчыларынын жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн коргоо, жаракат алуу тобокелдигинин алдын алуу жана төмөндөтүү;
- жол-транспорт кырсыктарын (окуянын жазылганын, катталган убактысын, жайын жана каатышуучуларды, жаракаттын себептерин ж.б.) иликтөөдө ишенимдүү фактыларды аныктоо;
- МИнин жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортунда өрткө каршы коргонууну камсыз кылуу;
- МИнин кызматчыларынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн сапатын жана кызматтык милдеттерин аткаруу жоопкерчилигин жогорулатуу;
- кооптуу кырдаалдардын себептерин жана белгилерин эрте аныктоо, аларды болтурбоо жана жоюу;
- МИнин кызматчыларынын жана жүргүнчүлөрдүн мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу;
- мүлктү коргоо, мүлктүн бузулушуна алып келүүчү иштин себептеринин (кесепеттеринин) алдын алуу жана жоюу, ошондой эле МИнин кызматчыларынын жана жүргүнчүлөрдүн мүлкүн уурдоо учурларынын алдын алуу;
- колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларда тиешелүү кызматтардын жана мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча маалымат берүү.
10. Видеобайкоо тутуму төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- видеобайкоо объектисинин күнүмдүк абалын видео белгилөөнү;
- кийин анализдөө үчүн видеожазуу архивин сактоону;
- буга чейинки жазылган маалыматты кайталап көрсөтүүнү;
- конкреттүү убакыт аралыгындагы жана айрым видеокамералардын видеожазуусунун архивине ыкчам жетүүнү.
11. Видеобайкоо мүлккө зыян келтириши мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттреди документалдык белгилөө максатында жүзөгө ашырылат. Зарыл болгон учурда видеобайкоо камераларынан алынган видеожазуунун материалдары мыйзамсыз аракеттер жасалган фактыны далилдөө үчүн, ошондой эле тиешелүү мыйзамсыз аракет жасаган адамдын өздүгүн аныктоо үчүн жазык жана жарандык соттук өндүрүштө далил катары пайдаланылат.
IV. Видеобайкоо жазууларына жетүү,
аларды сактоо жана жок кылуу тартиби
12. Видеобайкоо камераларынын жазуусу туруктуу (суткасына 24 саат) жүргүзүлөт жана 30 күндүн аралыгында сакталат.
13. Видеобайкоо тутуму видеокаттоонун катуу дискине маалыматты жазат, аны көчөрүп жаздырууга жана узак мөөнөткө сактоого болбойт, 30 күндөн кийин катуу дисктин эс-тутуму толгон сайын автоматтык түрдө жок кылынат.
14. Видеобайкоонун маалыматты жазуусу жашыруун болуп саналат, видеокааттоонун катуу дискинен көчүрүп жаздырууга, редакциялоого болбойт.
15. Реалдуу убакыт режиминде видеожазуу процессин чагылдыруу төмөнкү жайларга орнотулган экрандарда жүргүзүлөт:
- МИнин директорунун кабинетинде;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кабинетинде.
16. Видеокаттоонун катуу дискинде белгиленген мезгилдеги сакталып турган видеобайкоонун жазууларын көрүү мүмкүнчүлүгү МИнин директорунда жана айыл өкмөтүнүн башчысында бар.
17. Видеокаттоонун маалыматына жетүү паролу жашырындуулукту камсыз кылат, ал көрүүгө укугу бар адамдарга белгилүү.
18. Видеобайкоо камераларынын жазууларын үчүнчү жакка берүүгө өзгөчө учурларда (тергөө жана сот органдарынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, ошондой эле видеожазууда тартылып калган кызматчылардын жазуу жүрүндөгү суроо-талабы боюнча) гана жол берилет.
19. МИнин кызматчыларына видеобайкоо камераларынын багыттарын (көрүүнү) жөнгө салуу жолу менен видеобайкоо тутумунун ишине тоскоолдык кылууга, камераларды тосууга, жабууга же кандайдыр бир ыкма менен видеобайкоо өндүрүшүнө тоскоолдук кылууга, видеобайкоо тутумунун камераларын электр кубатынан ажыратууга тыюу салынат. Видеобайкоо тутумунун камераларына материалдык зыян келтиргендиги жана бузгандыгы үчүн МИнин кызматчылары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
20. «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
V. Корутунду жобо
21. МИнин муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарындагы видеобайкоо тутумун каржылоо Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилген сметанын негизинде Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22. Ушул жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.