Загрузка документа…
Аламүдүн айыл аймагынын
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын муниципалдык заказды
ишке ашыруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык заказды ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине;
4. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
муниципалдык заказ - келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калктын коммуналдык-тиричилик жана социалдык-маданий муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу механизми;
муниципалдык заказдын объектиси (предмети) - Аламүдүн айыл аймагынын калкын коммуналдык-тиричилик жана социалдык-маданий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн продукцияларды, жумуштарды жана кызматтарды өндүрүү;
муниципалдык заказчы - муниципалдык заказды жайгаштыруучу жана анын аткарылышын контролдоочу Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
муниципалдык заказды аткаруучу - муниципалдык заказды ишке ашырууга муниципалдык заказчы менен келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.
II. Муниципалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү
4. Муниципалдык заказ жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу чөйрөсүндө жүзөгө ашырылат.
III. Муниципалдык заказдын максаттары
5. Муниципалдык заказ Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
а) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
б) калкка кызмат көрсөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин өбөлгөлөө;
в) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жарандарды кеңири тартуу;
г) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги менен камтылбаган же жетишсиз камтылган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
д) муниципалдык чөйрөгө кошумча адамдык, материалдык, каржылык жана башка ресурстарды тартуу;
е) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин түзүү;
ё) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын (иштердин) сапатын жогорулатуу;
ж) муниципалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонулуучу муниципалдык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
з) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү;
IV. Муниципалдык заказдын түрлөрү
6. Муниципалдык заказ төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн:
a) жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен камсыз болгон;
б) жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен камсыз болбогон.
V. Муниципалдык заказды ишке ашыруу
7. Аламүдүн айыл өкмөтү муниципалдык заказдын объектисин (предметин) аныктайт.
8. Жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен камсыз болгон муниципалдык заказ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамында каралган тартипте сатып алуу жол-жобосунун негизинде жайгаштырылат.
9. Жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен камсыз болбогон, төлөмү калкка кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылган муниципалдык заказ муниципалдык заказды аткаруучулардын арасында конкурстук негизде жайгаштырылат.
10. Аламүдүн айылдык кеңешинин негизделген чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен камсыз болбогон муниципалдык заказдын аткаруучусун конкурс өткөрбөй аныктоого жол берилет.
11. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт.
12. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү Аламүдүн айылдык кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт.
13. Калкка монополдук кызмат (суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук жана башка) катары көрсөтүлүүчү кызматтарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык заказды аткаруучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарифтерге контролду сактап калган шартта айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу.
VI. Муниципалдык заказдын аткарылышын контролдоо
14. Муниципалдык заказдын аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
15. Кезектеги финансы жылы үчүн муниципалдык заказды аткаруунун экономикалык, финансылык жана башка жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет, муниципалдык заказдын келишимин аткаруу боюнча отчет Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан Аламүдүн айылдык кеңешинин кароосуна берилет.