Загрузка документа…
Аламүдүн айыл аймагынын
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен бекитилген
Муниципалдык заказ келишими
Аламүдүн а. 2021-жылдын “____” __________
__________________ негизинде иштеп жаткан, Мындан ары “Заказчы” деп аталган башчы Кольбаев Найзабек Асанбековичтин жүзүндөгү Аламүдүн айыл өкмөтү бир тараптан жана Уставдын негизинде иштеп жаткан, мындан ары “Подрядчы” деп аталган _________________ директорунун жүзүндөгү “________________” экинчи тараптан, биргеликте “Тараптар” деп аталган, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Муниципалдык заказды аткаруунун алкагында ушул Келишимге ылайык Заказчы тапшырма берет, ал эми Подрядчы өзүнө төмөнкү иштердин топтомун (мындан ары – “Иштер”) аткаруу милдетин алат, ал эми Заказчы Подрядчынын Иштерин кабыл алууга жана төлөп берүүгө жана өз убагында каржылоо жүргүзүүгө милдеттеме алат:
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
1.2. Тараптар 2021-жылдын “___”___________ өткөрүлгөн № ____________ кызмат көрсөтүү/иштерди сатып алуу боюнча ________________ конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул келишимди түзүштү.
1.3. Тараптар төмөнкү мөөнөттө Иштер башталып, аяктары жөнүндө макулдашууга келишти:
Иштерди баштоо мөөнөтү 2021-жылдын “___” ________, Иштерди 2021-жылдын “___” ________.
1.4. Бардык иштерди Подрядчы Заказчынын материалдарынан/же болбосо өзүнүн материалдарынан өз күчү менен ишке ашырат, мында Заказчы Иштердин жүрүшүн контролдоо укугуна ээ.
2. Иштердин баасы жана эсептешүү тартиби
2.1. Иштердин жалпы баасынын көлөмү ______ (________) сомду түзөт.
2.2. Тараптар ушул Келишим боюнча Подрядчы тарабынан аткарылып жаткан Иштердин акысын төлөө Заказчы тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөрү жөнүндө макулдашууга келишти:
· Ушул Келишимдин 2.1.-пунктунда аталган _______ сомду түзгөн Иштердин жалпы баасынан ___% өлчөмүндөгү алдын ала төлөм ушул Келишимге кол коюлган күндөн тартып 3 (Үч) календарлык күндүн аралыгында Заказчы тарабынан ишке ашырылат.
· Ушул Келишимдин 2.1.-пунктунда аталган, _______ сомду түзгөн Иштердин жалпы баасынан ___% өлчөмүндөгү төлөмдүн калган бөлүгү Аткарылган Иштерди кабыл алуу актысына Тараптар кол койгон күндөн тартып 5 (Беш) календарлык күндүн аралыгында Заказчы тарабынан ишке ашырылат.
2.3. Бардык эсептешүүлөр Подрядчынын алыш-бериш эсебине накталай эмес акча каражатын которуу, же Подрядчыга Заказчынын кассасынан накталай акча каражатын берүү аркылуу жүргүзүлөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Подрядчы бардык зарыл болгон стандарттарды, анын ичинде МамСТ, КЧжЭны сактоо менен Иштерди аткарууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык сапатты камсыз кылууга мидеттеме алат.
3.2. Подрядчы иштерди өндүрүү жайында коопсуздук техникасы, өрт жана өнөр жай коопсуздугу, өнөр жай санитариясы, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды камсыз кылууга, коопсуздук техникасын сактоого милдеттеме алат.
3.3. Заказчы аткарылып жаткан Иштердин жүрүшүнө жана сапатына күндөлүк техникалык контроль жүргүзүүгө укуктуу.
3.4. Заказчы келишилген шарттардан четтөөнү аныктаган учурда Подрядчыны милдеттүү жазуу түрүндө кабарлоо менен Иштерди токтотууга укуктуу.
3.5. Подрядчынын күнөөсү менен кетирилген кемчиликтер аныкталган учурда ал кыска мөөнөттүн аралыгында бардык кетирилген кемчиликтер менен бүтпөй калгандарын өзүнүн эсебинен оңдоого милдеттүү.
3.6. Подрядчы аткарган иштердин кепилдик мөөнөтү 36 ай аралыгында жарактуу болот, аталган мөөнөттүн аралыгында аткарлыган Иштердин сапаты боюнча кемчиликтер аныкталган учурда, Подрядчы кемчиликтер аныкталган учурдан 10 (он) календарлык күндүн аралыгында өзүнүн күчү менен жана өзүнүн эсебинен аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Иштерди өткөрүп берүү жана кабыл алуу тартиби
4.1. Иштерди аяктагандан кийин Подрядчы Заказчыга аткарылган Иштердин актысын бериши керек.
4.2. Заказчы Подрядчыдан жазуу түрүндөгү Аткарылган Иштердин актысын алган күндөн тартып 5 (Беш) калындардык күндүн аралыгында Подрядчы тарабынан аткарылган Иштердин көлөмүн кабыл алууга же кабыл алуудан баш туртууга милдеттеме алат. Кабыл алуудан баш тарткан учурда Заказчы Подрядчыга жазуу түрүндө жүйөлүү конкреттүү сын-пикирлерди көрсөтүү менен иштерди кабыл алуудан баш тартууну жөнөтүшү керек. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттө Заказчы тарабынан таризделген аткарылган иштерди кабыл алуу актысы же Заказчынын Иштерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуусу Подрядчыга келип түшпөсө, анда Иштер кабыл алынды деп эсептелет.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Заказчы Иштердин баасын төлөө боюнча өзүнүн милдеттерин бузганы үчүн Подрядчыга кечиктирилген ар бир күн үчүн аткарылбаган сумманын 0,1% өлчөмүндө, бирок карыздын суммасынан 10%дан ашпаган айыппул туумун төлөйт.
5.2. Подрядчы Иштердин аткаруу мөөнөтүн бузганы үчүн Заказчыга кечиктирилген ар бир күн үчүн аткарылбаган Иштердин баасынын суммасынын 0,1% өлчөмүндө айыппул туумун төлөйт.
5.3. 5.2.-пунктунда аталган милдеттерди кошпогондо, Подрядчы ушул Келишимден келип чыккан милдеттерин бузгандыгы үчүн Заказчы тарткан бардык чыгымдарды толук көлөмдө төлөп берүүгө милдеттеме алат.
5.4. Подрядчы Заказчынын мүлкүнүн зыян тартышы же бузулушу менен байланышкан бардык тобокелдиктер үчүн жооп берет.
5.5. Подрядчы Келишим боюнча иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелеринин, өрт коопсуздугунун, өнөр жай коопсуздугунун эрежелеринин, санитардык жана башка талаптардын сакталышына жооп берет. Подрядчы өзүнүн кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу үчүн жооп берет. Күтүлбөгөн кырсык болгон учурда Подрядчы Заказчыны түрдүү жоопкерчиликтен жана соттук дооматтардан, күтүлбөгөн кырсыктарга байланыштуу бардык чыгымдардан бошотууга кепилдик берет.
5.6. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткаргандыгы үчүн, эгерде ал ушул милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен форс-мажордук кырдаалдын (табигый кырсыктар, кургакчылык, жер титирөө, суу каптоо, өрт, аскердик аракеттер, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсү ж.б.) натыйжасы болсо, жоопкерчиликтен бошотулат. Ушул кырдаалдарга таянган Тарап экинчи Тарапка келип чыккан форс-мажордук кырдаалдар жөнүндө жазуу түрүндө дароо кабарландырууга милдеттүү.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул Келишимдин шарттарына киргизилген түрдүү өзгөртүүлөрдү тараптар жузуу түрүндө кошумча макулдашуу менен тариздешет жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгондон кийин күчүнө кирет.
7. Мөөнөтүнөн мурда бузуу
7.1. Тараптар ушул келишимди өз ара макулдашуу боюнча бузууга укуктуу.
7.2. Эгерде Подрядчы Иштерди аткаруунун жүрүшүндө ушул келишимдин шарттарын же/жана Тараптар кабыл алган жана бекиткен долбоордук-сметалык иш кагаздардын шарттарынан олуттуу четтөөгө жол берсе, Заказчы болжолдонгон келишимди бузуу датасына чейин 10 (он) календарлык күндөн кечиктирбей Подрядчыны жазуу түрүндө кабарландырып, Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.
8. Талаштарды чечүү тартиби
8.1. Ушул Келишимге байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктерди тараптар сүйлөшүү аркылуу чечишет. Макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда ушул келишим боюнча бардык талаштар жана пикир келишпестиктер Заказчынын орун алган жери боюнча сотто каралат.
9. Корутунду жобо
9.1. Ушул Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден 2 (эки) нускада түзүлдү, тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Келишим боюнча тараптар өз милдеттерин толук аткарганга чейин жарактуу.
9.2. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө киргизилип, тараптар кол койгон учурда жарактуу.
10. Юридикалык даректери жана тараптардын колу
Аламүдүн айыл өкмөтү Уюмдун аталышы
Аламүдүн району, Аламүдүн а.
Набережная көч., 300 А Дареги:
ИНН: 20307199710024 ИНН:
ОКПО: 04509686 БИК:
Банк: КР ФМ Борбордук казыналыгы Алыш-бериш эсеби:
Алыш-бериш эсеби: 4403011001000391 Алыш-бериш эсеби:
Аламүдүн айыл аймагынын башчысы
______________________Н.А.Кольбаев ___________________________(аты-жөнү) (колу) (колу)