Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер аралык кызматташтыгы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер аралык кызматташтыгынын укуктук жана уюштуруучулук негизин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине;
4. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
- муниципалитеттер аралык кызматташтык – Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла турган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – муниципалитеттер) менен биргелешкен аракеттери.
II. Муниципалитеттер аралык кызматташтыктын максаттары
4. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер аралык кызматташтыгы төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүүнү жогорулатуу;
- жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча муниципалитеттерге өз ара көмөк көрсөтүүнү уюштуруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү үчүн финансы каражаттарын, материалдык жана башка ресурстарды бириктирүү;
- муниципалитеттердин жалпы кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо;
- биргелешкен маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү;
- калктын жашоо-турмушунун сапатын жана деңгээлин жогорулатуу максатында муниципалитеттердин атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык экономкасы үчүн шарттарды түзүү;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди изилдөө боюнча илимий-методикалык иштерге катышуу;
- социалдык-экономикалык, экологиялык, укуктук жана илимий маанидеги биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- конференцияларды, семинарларды өткөрүү жана башка максаттарда.
III. Муниципалитеттер аралык кызматташтыктын формалары
5. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар (муниципалитеттер) менен кызматташтыгы төмөнкү формаларга ээ болушу мүмкүн:
a) муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашуу формасына;
б) башка муниципалитеттин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишими формасына;
в) биргелешкен финансылык макулдашуу формасына;
г) биргелешкен ишканалар жана башка уюмдар формасына;
д) жана башка мыйзамда тыюу салынбаган формаларга.
6. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыярдуу негизде аймактык тиешелүүлүгү боюнча жана тармактык белгилери боюнча кызматташуу жалпы кызыкчылыктагы маселелерди бир топ натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берген муниципалитеттердин бириккен түрдүү ассоциацияларын, биримдиктердин түзүүгө жана ишине катышууга укуктуу.
IV. Муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө
макулдашууларга (келишимдерге) мүчө болуу
7. Аткарылышына жергиликтүү бюджеттен каражат чыгымдалбаган муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан Аламүдүн айылдык кеңеши бекиткен макулдашуунун формасы боюнча түзүлөт.
8. Муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашуу Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттер аралык кызматташтыгынын жалпы принциптерин жана багыттарын аныктайт.
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашууга мүчө болуу тууралуу чечим кабыл алышы үчүн кызыкдар жактар тарабынан пландалган кызматташтыктын багыттарын жана аталган макулдашуу чечилишине багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди көрсөтүп, макулдашуу түзүү керектигине негиздеме берилет.
V. Биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет
тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерге мүчө болуу
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерге мүчө болуу жөнүндө чечимди Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Аламүдүн айылдык кеңеши кабыл алат.
11. Биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерге мүчө болуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Аламүдүн айылдык кеңешине төмөнкү документтер берилет:
a) биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө чечимдин долбоору;
б) башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдердин долбоорлору, биргелешкен финансылык макулдашуулардын долбоорлору;
в) келишим (макулдашуу) түзүү сунушталып жаткан муниципалитеттин соцалдык-экономикалык жана финансылык абалы жөнүндө маалымат;
г) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерге мүчө болууга финансы жана башка чыгымдарынын негиздемеси жана ушундай мүчө болуудан пландалган натыйжа.
12. Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишим түзөт.
VI. Биргелешкен ишканаларга жана
башка уюмдарга мүчө болуу
13. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ишканаларга жана башка уюмдарга (мындан ары – муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюму) мүчө болуу жөнүндө чечимди Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Аламүдүн айылдык кеңеши кабыл алат.
14. Аламүдүн айыл өкмөтү муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмун уюштуруучу (мүчө) болот, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык уюштуруучунун (мүчөнүн) бардык укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат.
15. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмуна мүчө болуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Аламүдүн айылдык кеңешине төмөнкү документтер берилет:
а) муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмуна мүчө болуу жөнүндө Аламүдүн айылдык кеңешинин чечиминин долбоору;
б) муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарынын уюштуруучу документтеринин долбоорлору;
в) муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарына мүчө болуу болжолдонуп жаткан муниципалитеттин социалдык-экономикалык жана финансылык абалы жөнүндө маалымат;
г) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарына мүчө болууга финансы жана башка чыгымдарынын негиздемеси жана ушундай мүчө болуудан пландалган натыйжа.
VI. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты токтотуу
16. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен токтотулат:
а) муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарына мүчө болууну токтотуу;
б) муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бузуу;
в) биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерди жокко чыгаруу.
17. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарына мүчө болууну токтотуу, биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө чечим Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
18. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну жокко чыгаруу жөнүндө чечимди Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы өз алдынча кабыл алат.
19. Ушул Жобонун 16, 17-пунктарына ылайык кабыл алынган чечимдердин негизинде Аламүдүн айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты токтотууга байланышкан бардык юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасайт.
VII. Муниципалитетер ортосундагы кызматташтыкты контролдоо
20. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
21. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык уюмдарынын экономикалык, финансы жана башка ишинин жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет, биргелешкен финансылык макулдашууларда башка муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө келишимдердин аткарылышы боюнча отчет Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан Аламүдүн айылдык кеңешине кароого берилет.