Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен бекитилген
Муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Аламүдүн а. “_____”______________2021ж.
__________________ негизинде иштеп жаткан башчы _________________ жүзүндөгү Аламүдүн айыл өкмөтү жана __________________ негизинде иштеп жаткан башчы _________________ жүзүндөгү ____________________ айыл өкмөтү мындан ары Тараптар же Муниципалитеттер деп аталган, экономикалык, социалдык, маданий жана башка чөйрөлөрдө туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу байланыштарды түзүүдө өз ара кызыкчылыкка негизделген, Муниципалитеттердин экөөсүнүн тең социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иш жүзүндөгү аракеттерди жүзөгө ашыруу зарылдыгын эске алып, ушул Макулдашууну төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
1. Макулдашуунун максаттары
1.1. Тараптар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жалпы кызыкчылыктарды билдирүү жана коргоо, муниципалитеттердин кызматташтыгынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максатында муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрөт.
2. Макулдашуунун предмети
2.1. Макулдашуунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууда Муниципалитеттерди өз ара колдоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу жана ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- муницпалитеттер ортосундагы кызматташтыктын айрым багыттары боюнча макулдашууларды жана келишимдерди түзүү;
- биргелешкен иштин багыттары боюнча делегация жана өкүлдөр менен алмашуу;
- Муниципалитеттердин жалпы кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо;
- биргелешкен маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү;
- калктын жашоо-турмушунун сапатын жана деңгээлин жогорулатуу максатында Муниципалитеттердин атаандаштыкка туруктуу жана инновациялык экономикасы үчүн шарттарды түзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин изилдөө боюнча илимий-методикалык ишке катышуу;
- социалдык-экономикалык, экологиялык, укуктук жана илимий мүнөздөгү биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Муниципалитеттер үчүн маанилүү болуп саналган жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого, түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө катышуу.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Макулдашуунун тараптары:
а) теңчиликтин, өнөктөштүктүн жана өз ара пайданын негизинде кызматташууну жүзөгө ашырат;
б) ушул макулдашуунун алкагында анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир этиши мүмкүн болгон болжолдуу кабыл алынуучун чечимдер жөнүндө экинчи тарап менен макулдашат жана алдын ала маалымдайт;
в) муниципалдык башкаруу тутумун жакшыртуу, Муниципалитеттердин калктын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу маселелеринде сунуштарды киргизишет, демилге көтөрүшөт;
г) ушул Макулдашуунун алкагында келишимдерди толук аткарууга милдеттенме алышат.
4. Корутунду жобо
4.1. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү жана Тараптардын ар биринде бирден нуска сакталат.
4.2. Ушу Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири кайсы бир себептер боюнча ушул Макулдашуудан чыкканга чейин мөөнөтсүз жарактуу болот.
4.3. Ушул Келишимдин жарактуулугун каалаган Тарап экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирүү алгандан кийин бир ай өткөн соң токтотушу мүмкүн.
4.4. Талаш маселелер, эгер алар ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу пайда болсо, сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
4.5. Макулдашууга кол коюлгандан кийин Тараптардын ар бири толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, ал ушул Макулдашууга кошумча макулдашуу түзүү менен ырасталат.
Аламүдүн айыл өкмөтү ___________________________
Аламүдүн району, Аламүдүн а.,
Набережная көч., 300 А _______________________________
ИНН: 20307199710024
ОКПО: 04509686 ________________________________
Банк: КР ФМ Борбордук казыналыгы
Алыш-бериш эсеби: 4403011001000391 ________________________________
Аламүдүн айыл аймагынын башчысы
______________________Н.А. Кольбаев
(колу)