Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2021-жылдын 18-августундагы
№17-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобо “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоонун, аталышын өзгөртүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунттарынын курамдык бөлүктөрүнө: проспектилер, аллеялар, аянттар, бульварлар, тар көчөлөр кирет.
3. Аламүдүн айыл аймагынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоодогу негизги талаптар:
- аймактын тиешелүү бөлүгүнүн географиялык, тарыхый, шаар куруучулук жана башка өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиш керек;
- аймактын көчөлөрүнүн жана башка курамдык бөлүктөрүнүн эң маанилүү жеке мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү;
- айтууда уккулуктуу жана ыңгайлуу болушу керек;
- жазуу жана сүйлөө эрежелеринин адабий ченемдерине шайкеш келтирүү;
- жаңы атоолор колдонуудагы атоолорду кайталабашы керек;
4. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын курамдык бөлүктөрүнүн жаңыдан пайда болгон же аты жок жана башка көчөлөрүндө атоо жүргүзүлөт.
5. Кыргыз элинин улуттук тарыхын, маданиятын, салт-санааларын чагылдырган атоолорго артыкчылык берилет.
II. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө сунуш киргизүү тартиби
6. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоолор, аталышын өзгөртүү төмөнкүлөрдүн сунуштары боюнча ишке ашырылат:
- Аламүдүн айыл аймагында жашаган жери боюнча каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандары. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү боюнча жарандардын демилгелери 30 (отуз) кишиден кем эмес сандагы демилгелүү топту түзүү жолу менен ишке ашырылат;
- коомдук уюмдардын;
- муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
- Аламүдүн айыл аймагында белгиленген тартипте каттоого турган жана өз ишин жүргүзгөн юридикалык жактардын.
7. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө сунуш Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Башчысынын атына жазуу жүзүндө ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар (мындан ары – демилгечилер) тарабынан киргизилет.
8. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоонун, аталышын өзгөртүү демилгечилери тарабынан төмөнкү документтер берилет:
- Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч кат;
- сунушталган атоонун географиялык жана тарыхый-маданий негиздемеси;
- көрүнүктүү адамдардын элесин түбөлүккө калтырууда алардын өмүрү, ишмердиги жөнүндө баяндалган окуяларды, биографиялык маалыматтарды тастыктаган документтер тиркелет жана алардын сиңирген эмгеги, ошондой эле мурастоо укугуна ээ үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын (бар болсо) макулдугу көрсөтүлөт;
- эгер өтүнүч кат менен демилгелүү топ кайрылган учурда кол коюу барагы. Кол коюу барагына демилгелүү топтун мүчөлөрү өздөрүнүн аты-жөнүн, өздүгүн тастыктаган документтеги маалыматтарды (номерин, өздүгүн тастыктаган документ ким тарабынан жана качан берилгенин), жашаган жеринин дарегин көрсөтөт, кол коюп, аны киргизүү күнүн белгилешет. Кол коюу барагы кол топтоону ишке ашырып жаткан демилгелүү топтун мүчөсү тарабынан күбөлөндүрүлөт.
9. Өтүнүч кат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- болжолдонгон атоону;
- Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрү жана башка курамдык бөлүктөрү жайгашкан жери белгиленген карта-схемасы;
- Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоону, аталышын өзгөртүү сунушташкан демилгечилер жөнүндө маалыматты, алардын даректерин, телефондорун.
III. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби
10. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө келип түшкөн өтүнүч кат 3 жумуш күнүнүн аралыгында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сайтына тургундарды кабарландыруу жана пикирин билүү үчүн жайгаштырылат. Өтүнүч кат тургундардын назарына социалдык тармактар, WhatsApp топтору жана башка байланыш каражаттары аркылуу жеткирилиши мүмкүн. Тургундарды сурамдылоо мөөнөтү - Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган күндөн тартып бир айдан кем эмес.
11. Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн күндөн тартып бир ай аралыгында тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чыгымдарды эсептейт.
12. Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч катты ар тараптуу карап чыгып, чыгымдарды эсептегенден кийин тургундарды сурамжылоонун жыйынтыгын эске алуу менен Аламүдүн айылдык кеңешине сунуштун негиздемеси жана чыгымдардын эсеби менен өтүнүч кат жөнөтөт.
13. Аламүдүн айыл кеңеши атоо жана аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушту жактырган учурда тиешелүү чечим чыгарат, анын негизинде Аламүдүн айыл өкмөтү аталган объектини атоо жана аталышын өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзөт.
IV. Корутунду жобо
14. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
15. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пункттарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.