Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 18-28
Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жаңы окуу жылында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жаңы окуу жылында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу жактырылсын:
- мектепке чейинки билим берүү мекемелери 2021-жылдын 16-августунан баштап;
- № 1, № 2 Аламүдүн жалпы орто билим берүү мектептери 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |