Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 19-28
Мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жеке коргонуу каражаттарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жаңы окуу жылында жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды кармап туруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жеке коргонуу каражатын сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |